Кытай жана Голливуд актёру Жеки Чан Пекиндеги Олимпиада отунун эстафетасына катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, сүрөттөрүн жарыялашты.
Маалыматка ылайык, актёр эстафетанын экинчи күнүнүн ардактуу коногу болуп, Олимпиада отун Улуу Кытай дубалына алып чыккан. Эстафета учурунда аны Кытайдын бардык медалчылары тосуп алышкан.
"Мен таңкы төрттө ойгондум. Муну менен Олимпиада эстафетасына төртүнчү ирет катышып жатам. Абдан бактылуумун. Кытай тарыхындай тарых эч бир өлкөдө жок. Биз Олимпиаданын арты менен маданиятыбызды бүт дүйнөгө көрсөтө алабыз", - деген ал.
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында Пекинде өтөт.