2013-жылы Кыргызстан Казакстанга 14 миллиондон ашуун долларга электр энергиясын экспорттогон

Бүгүн, 21-ноябрдагы парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “2013-жылы электр энергиянын киловатты 4 центтен сатылды. Мурда 2,8 центтен сатылчу. Жыйынтыгында Казакстанга 14 миллиондон ашуун долларга электр энергиясы экспорттолду”,- деп билдирди.  Министрдин айтымында, экспорттон түшкөн каражатка Бишкек ЖЭБи үчүн 850 тонна көмүр сатылып алынган.
 “2013-жылга Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өкмөт тараптан ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн көмүр сатып алууну 100 миң тоннага көбөйтсүн деген тапшырма берилген. Азыр ал тапшырма аткарылды”,- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан