Өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маалыматын эске алуу менен парламент токтому кабыл алынды. Ага 65 депутат "макул" деп добуш берди. Жыйынга катышкан министрлердин көпчүлүгү кышка даяр экендиктерин айтышты. Муну төрага да белгилеп: “Даярбыз дедиңер, жыйынтыгын да көрөбүз. Ылайым силер айткандай болуп, кыштан кыйналбай чыгып кетели”,- деди.
Айта кетсек, саат 14:00дө парламентке башкы прокурор Аида Салянова келип, депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча маалымат берет.