Митингчилердин алдына чыккан Бөдөш Мамырова укук коргоо органдарын кайым айтышпоого чакырды

Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ахматбек Келдибековду колдоп чыккан митингчилердин алдына депутат Бөдөш Мамырова келип укук коргоо органдарын кайым айтышпоого чакырды. Мыйзам боюнча тынчтык митингин өткөрүүгө жол берилгендигин айтып, митингдин катышуучуларына сабырдуулукту сактап, провокацияга алдырбоо керектигин кошумчалады. 
"Булар жөн эле плакаттарын көтөрүп, колдорун чөнтөгүнө салып туруу үчүн келишкен жок. Укук коргоо органдары, силер буларга сый мамиле кылгыла. Булар биздин мамлекеттин жарандары. Биз Келдибековду кармоо маселесин бүгүн күн тартибине киргиздик. Маселени карап, чечим чыгарабыз. Баары мыйзам чегинде болушу керек",- деди депутат айым. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан