Ош. Алайда жол жабылганына байланыштуу жолдордо МАИ посттору уюштурулду

Алайда жол жабык бойдон турат, токтоп турган авто унаалардын саны 200гө жакындады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын эркиндикке чыгуусун талап кылып бүгүн, 21-ноябрда Гүлчө айылында жол тосушкан.

Ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, учурда Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Учурда Ош тараптан Каратай айылында МАИ күзөтү уюштурулуп, жүк ташуучу унаалар токтотулуп, ал эми Алай тараптан Арчалуу айылында МАИ күзөтү уюштурулуп, жүк ташуучу унаалар жолдо убактылуу кармалып турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан