Казакстан курама командасынын формасы Эл аралык Олимпиада комитетинин версиясы боюнча эң стилдүү формалардын катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети 2022-жылы Пекинде өтө турган Кышкы оюндарга улуттук курама командалардын эң стилдүү кийимдеринин тизмесин жарыялады. Мыктылардын катарында казакстандык спортчулардын олимпиадалык жабдуулары да бар.
"Пекин-2022 үчүн казакстандык спорт кийимдерин өндүрүүчү ZIBROO орусиялык дизайнер Дмитрий Шишкин менен чогуу кызматташкан. Коллекциядагы ак менен көк түстөрү муз менен карды чагылдырып, ал эми кара түс ийгиликтин символун билдирип турат", - деп белгилейт Эл аралык Олимпиада комитети.
Ошондой эле аталган комитет "Forbes" журналына шилтеме берип, казакстандык спортчулардын кийимин "эң мыкты мода дипломатиясы" деп атаган. Буга чейин да америкалык басылма Казакстандын олимпиадалык формасын Пекинде өткөн оюндарда эң стилдүү кийимдер рейтингине кошкон.
Эл аралык Олимпиада комитети жана "Forbes" Казакстан менен катар АКШ, Канада, Орусия, Кытай, Швеция жана Германиянын олимпиадачыларынын образдарын бөлүп көрсөткөн.
Эске салсак, бүгүн, 4-февралда 2022-жылкы Кышкы оюндардын расмий ачылышы болот. Салтанат Пекин улуттук стадионунда өтөт.