Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда
Ахматбек Келдибековду колдоп чыккан митингчилердин плакаттары милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамга туура келбейт деп алынды. Митингдин катышуучулары койгон талаптары аткарылмайынча кетпей тургандыгын билдиришүүдө.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган.
Ош облусунун Айлай районунда депутаттын тарапташтары чогулуп,
жол тосушуп турушат.
Депутат Бөдөш Мамырованын айтымында, бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин
күн тартибине киргизилип, саат 14:00дө талкууланат.