Бишкектеги митингдин катышуучулары: "Талаптарыбыз аткарылбаса, Алайдан элди чогултуп келебиз"

Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ахматбек Келдибековду колдоп чыккан митингчилер "талаптарыбыз аткарылбаса, Алайдан элди чогултуп келебиз" деп билдиришти. Алар шаарда Ахматбек Келдибековду бошотууну 2 күн күтүшөрүн айтышууда. Эгерде талап аткарылбаса, Алайдан элди чогултуп, Ошто, андан кийин Бишкекте митинг өткөрүүнү айтышты.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 
Ош облусунун Алай районунда депутаттын тарапташтары чогулуп, жол тосушуп турушат. 
Депутат Бөдөш Мамырованын айтымында, бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилип, саат 14:00дө талкууланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан