Январь айында орун алган Казакстандагы баш аламандыкта Алматы шаарындагы Magnum дүкөндөр тармагынын кызматкерлери ошол күндөрү дүкөндүн тонолгондогу видеосун жарыялашты.
Видеодо көрүнгөндөй, ондогон адам супермаркеттен колго тийгенинин бардыгын алып чыгышкан. Анда жаш-карысы, эркек-аял, курал-жарактуу жана куралсызы, айрымдары үй-бүлөсү менен келип супермаркетти тоногон. Тоноого катышкандардын көпчүлүгү жүзүн жашырган эмес.
Полиция тоноого катышкандар бармак издери аркылуу изделерин билдирген. Мисалы, Magnum дүкөнүн тоноого келгендердин көбү өздөрү менен тамак-ашты алып кете албай, ошол жерден жеп-ичишкен. Полиция буга чейин бөтөлкөлөрдөн жана таңгактардан көптөгөн бармак издерди тапкан.