Марокконун түндүгүндөгү Чефчауен провинциясында куткаруучулар төрт күн мурун терең кудукка түшүп кеткен балага жетүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Райян аттуу беш жаштагы бала бир нече күн мурун тереңдиги 32 метрдей болгон кудукка түшүп кеткен. Окуя айыл жеринде болгон. Баланы куткаруу операциясы ушул күндөрү уланып жатат. Операциянын жүрүшү рельефтин аскалуулугу менен татаалдашып, куткаруучулар топурак кулап кетпеши үчүн кылдаттык менен иш алып барууга аргасыз болушууда.
Эми куткаруучулар баланы куткарыш үчүн кол менен жерди казуу иштерин баштайт. Алардын ишине аскада пайда болгон жарака тоскоол болууда.
Кудукка түшүп кеткен бала тирүү, бирок башынан жаракат алган. Ага сууну жана тамак-ашты аркан менен жеткиришүүдө.