Орусиянын "кара тизмесине" кыргызстандык 28 600 мигрант киргизилген

Орусиянын "кара тизмесине" кирген кыргызстандык мигранттардын саны 28 600дү түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда “Замандаш” ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов билдирди. Анын айтымында, акыркы 9 ай ичинде Кыргызстандын 1505 жараны Орусия Федерациясынын аймагынан күчтөп чыгарылса, 22 жаран депортацияланган. “Орусиянын Кыргызстандын жарандарын депортациялоо жана аларды өлкө аймагынан чыгарганынын себеби, кыргызстандыктар өлкө ичинде түрдүү мыйзам бузууларга барууда. Андан тышкары алардын көбү тил билбейт, тажрыйбалары жок жана укук жаатында көп маалыматка эгедер эмес",- деди Жапанов. "Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнө бул иш боюнча көйгөйдү чечип, чет өлкөгө кетип жаткан жарандарды мигранттарга тиешелүү маалыматтар менен камсыздоо сунушун айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан