Орусия Украинага карай чабуулун баштадыбы? Кремль жооп берди

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык Bloomberg басылмасынын "Орусия Украинага карата чабуулун баштады" деген аталыштагы жаңылыш жарыялоосуна комментарий берди.

"Бул Вашингтондон, Лондондон жана Европанын башка борборлорунан келип жаткан чексиз агрессивдүү билдирүүлөр кырдаал канчалык кооптуу экенинин эң сонун далили", - деган ал РИА Новости басылмасына.

Басма сөз катчы ошондой эле Bloomberg басылмасын олуттуу басылма деп атап, азыр мындай басылмалардын фонунда Москвада фейк жаңылыктар эмес, Bloomberg-news деп айтууга толук негиз бар экенин кошумчалаган.

5-февраль күнү түштөн кийин Bloomberg өзүнүн сайтында Орусиянын Украинага басып кириши тууралуу макала жарыялады. "Учурда: Орусия Украинага басып кирди" деп жазылган макалада. Бул жаңылык сайтта жарым саатка чукул туруп, андан кийин өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina00
2022-02-06 14:37:18
Кудай сактасын эки жак суйлошуп чечишип алсын.
+1
Jelezo
2022-02-06 20:21:28
Бломбергдин офисин жардырып салса болмок экен.
0
CAPATAH
2022-02-06 21:24:40
Бломбергди фейк дегендей Россия Спутникти да фейк десе ьолмок
0
nurik73
2022-02-06 21:37:31
басып кирбейт ай. жон эле американын правакациясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан