Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алды. Мындай маалымат өлкө башчынын Твиттер баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайынан омикрон штаммы аныкталган. Учурда Эрдогандын саламаттыгы туруктуу экени кабарланды.

"COVID-19 вирусунун алгачкы белгилери байкалган соң биз жубайым экөөбүз тест тапшырдык. Жыйынтыгы оң чыкты. Жумушубузду үйдөн улантабыз. Ар бириңиздердин дубаңыздарды чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан