Орусияга сатылып кеткен 2 адам Бишкекке алынып келинди

Москвага тилемчилик кылдыруу үчүн сатылып кеткен Токмок шаарындагы психоневрологиялык №2-жатак-үйдүн 2 жашоочусу Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрдагы маалымат жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. 

 

24 жаштагы М.Ольганын агрессивдүү жүрүш-турушунан улам андан апасы менен чоң энеси баш тарткан. Ал 1997-жылы психоневрологиялык борборго жаткырылган. 47 жаштагы М.Лариса  күйөөсү менен ажырашкан. 2 баласы Германияда жашайт. 2001-жылы психоневрологиялык диспансерге жаткырылган.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Токмоктогу жатак-үйдүн директору II топтогу эки майыпты 500 долларга Орусияга сатып жибергени айтылган. Алар Москванын метролорундагы станцияларда кайырчылык кылышмак. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан