Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кайрадан президенттик шайлоого катышат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2023-жылы боло турган президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин сунуштай тургандыгын айтты. Бул тууралуу "Улуттук кыймыл" партиясынын лидери Девлет Бахчелиге таянып чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Режеп Тайип Эрдоган "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы менен "Улуттук кыймыл" партиясы түзгөн "Элдик альянстан" келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо ат салышат.

"2023-жылдын июнь айында өтө турган президенттик шайлоодо өлкө башчы Эрдогандын чоң айырма менен жеңип чыгарына, аны менен катар "Элдик альянс" да жеңишке жетет деп ишенем", - деген Девлет Бахчели.

Белгилей кетсек, Режеп Тайип Эрдоган 2018-жылы 52,5 пайыз менен шайлоодон утуп чыгып, азыркы күнгө чейин президенттик кызматты аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BISHKEK-312
2022-02-07 16:42:46
Пока что ушул киши өзү эле болуп турганы жакшы, башкасы келсе өлкөнү батыш же акшга талатып ийет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан