Казакстанда январь айындагы баш аламандыкта жана кийин тергөө учурунда уюшкан кылмыштуу топтун 18 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Кармалгандардын арасында кримтөбөл, "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бар.
"Анын куралчан адамдары 24 жаранды күч менен кармап кетишкен. Аларды алгач бир жерден экинчи жерге ташып, сабап, натыйжада бир адам каза болгон.
Мындан тышкары алар 12-шаардык ооруканада мурда катуу сабалган милиция кызматкеринин кызматтык куралын алып кетишкен.
Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деген прокуратуранын өкүлү.
Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстанда кармалган. Андан кийин ал кыргыз модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экендиги айтылган.