Apple компаниясы кезектеги смартфонун ушул жылдын 8-мартында коомчулукка сунуштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8-март күнү Apple компаниясы өзүнүн жаңы үлгүдөгү IPhone SE жана IPad Air продукцияларын, ошондой эле жаңыланган үлгүдөгү Mac mini компьютерин сунуштайт. Ал эми бул продукциялардын бет ачар иш-чарасы онлайн форматта өтөт.
Жаңы смартфондун өзгөчөлүгү жогорку ылдамдыктагы 5G байланышына кошулгандыгы болуп эсептелет. Мындан сырткары IPhone SE смартфону "Apple A15 Bionicку" чиби жана камера менен жабдылган, ал эми экраны 4,7 дюймду түзөт.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы үлгүдөгү IPhone май айынан тарта сатыкка чыгарыла баштайт.