Аида Салянова: “Ахматбек Келдибековго тагылган айып оор кылмыштардын катарына кирет”

Депутат Ахматбек Келдибековго тагылып жаткан айып өтө оор кылмыштардын катарына кирет. Муну парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова айтты. “Өтө оор кылмыш боюнча айып тагылгандыктан Келдибековду кармоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сурабай эле кармадык”,- деди башкы прокурор.

Эскерте кетсек, Келдибековдун кармалышына төмөнкү иштер себеп болгон: 2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда “Ротак-Бишкек” жоопкерчилиги чектелген коомго жарандардын жекече камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; ЖКнын төрагасы болуп турган кезде парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган;"Салык органдарын ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну “Бизнес-Партнёр” жоопкерчилиги чектелген уюмуна мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан