Орусиянын бир аймагында мигранттарга транспортто жана коомдук тамактануу жайларда иштөөгө тыюу салынды
Орусиянын Калуга аймагында мигранттарга транспортто жана коомдук тамактануу жайларында иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта чет элдик жарандарга коомдук тамактануу, транспорт жана чекене соода тармагында иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу аталган райондун губернатору Владислав Шапша билдирген. Анын айтымында, аймак мигранттарга берилген патенттердин санын чектейт.
Буга жергиликтүү калктын чет элдиктер менен болгон жаңжалдары себеп болгон. Тактап айтканда, жаңы жыл алдында мушташып кеткен мигранттар 16 жаштагы өспүрүмдүн жүрөгүнө бычак сайышкан.
"Мигранттар маселеси бүгүнкү күндө эң маанилүү. Биздин милдет - кырдаалды кайрадан көзөмөлгө алуу. Жакынкы убакта мен керектүү чечимдерди кабыл алам. Коомдук тамактануу жайларында, транспорт жана чекене соода тармагында чет өлкөлүк жарандардын иштөөсүнө тыюу салынат", - деп билдирген ал.
Ошондой эле ал мигранттарга берилүүчү патенттердин санын олуттуу түрдө чектөөгө убада берди. Ал эми орус жарандыгын алууну каалагандар үчүн орус тили боюнча сынактарды ачык-айкын өткөрүү ниетин билдирген.
Кийинчерээк Владислав Шапша толук тыюу салуу тууралуу сөз болбогонун түшүндүргөн. Анын айтымында, мигранттар жергиликтүү тургундар жетишсиз болгон бош орундарга иштей алат.
Beks0207, Оз уйум отугуму торго илем дегендей да . Бизге кытайлар келип , жээ башка улуттун адам келип, иштеп , шар аралап талтандап басышып , бир кызга тийишип койсо - кыргыз эли жон турмак беле .
+7
JaneEr
2022-02-08 16:07:00
ma2as,журушотго кенири кыргыз кыздарга уйлонуп негри деле
+6
suban78
2022-02-08 18:30:00
JaneEr,чынында мигранттардын кээ бирлери Орусияда ото эле бейбаш журушот. Эгер бизде ошентишсе биз жон эле жеп коет элек. Орустар ичи кен эле болот
+9
bekalife
2022-02-08 19:06:55
Орустарды ушунчалыка жеткирген озубузда.
+7
Jelezo
2022-02-08 20:57:35
Аша чаап кетишти орустарды коркута башташты бул чындык.
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.