Кыргыз Республикасынын Социалдык
өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 21-ноябрдагы маалымат жыйынында
“Кыргызстандагы
психоневрологиялык диспансерлерде жашагандардын өздүк папкасы текшерилет” деп
билдирди.
"Азыр министрликте маанилүү буйрукту даярдап жатабыз. Ага ылайык, Кыргызстандын
аймагындагы бардык психоневрологиялык үй-интернаттары текшерүүгө алынат жана ал
жакта жашап жаткан жарандардын папкалары да текшерилет. Ар бир бейтаптын
папкасын карайбыз”,- деди ал.
Министр кыргызстандагы бардык
диспансерлерди кыдырып чыкканын айтты. "Менин министр болуп келгениме 5
айдын гана жүзү болду. Ушул 5 айда мен Кыргызстандагы дээрлик бардык
диспансерлерди кыдырып чыктым",- деди Базарбаев.
Мындан
сырткары Социалдык коргоо министрлигинде 3 жыл ичинде
9-министр болуп дайындалганын айтып, жетекчилердин бат-баттан
алмашуусу министрликтин кээ бир иштерине терс таасирин тийгизип
жаткандыгын кошумчалады.