Жогорку Кеңеште башкы прокурор Аида Салянова депутат Ахматбек Келдибековдун кармалышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Депутат Жылдыз Жолдошова “Эмне эле “Ата Журт” фракциясынын депутаттарына гана кылмыш ишин козгоп жатасыңар?” деп, бийлик оппозицияга кысым көрсөтүп жатканын айтты. Башкы прокурор: “Прокуратурага кылмыш иши козголгон адамдын кайсы фракциядан экендигинин айырмасы жок. Учурда 3 депутаттын уулу камакта отурат. КСДПнын мүчөлөрүнө деле кылмыш иштери козголгон. Учуру келгенде алар деле жоопко тартылышат”,- деди.