Орусиянын
Санкт-Петербург шаарында 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын жана Орусия
Федерациясынын Премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведев
эмгек мигранттары боюнча маселени талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
билдирди.
Өкмөт башчылар эки мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда Москвада
жолугушуу өткөрүү жана эмгек мигранттарынын маселесине байланыштуу сүйлөшүү
топторун түзүү боюнча макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен соода-экономикалык,
илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык
комиссиянын тең төрагалары таанышышат.
Өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргызстан тараптан тең төрагасы Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, ал эми Орусия тараптан Орусия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов
жетектейт.
Өкмөттөр аралык
комиссиянын кезектеги жыйыны 2013-жылдын декабрь айында Бишкекте өтөт.
Мындан сырткары
Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши
тууралуу сөз кылышты.