2010-жылдын 7-апрелинде Башкы прокуратуранын имаратын өрттөөгө айрым мамлекеттик кызматкерлердин катыштыгы болушу мүмкүн. Муну бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Аида Салянова айтты. Прокурор депутат Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча айрым материалдар жоголуп кеткенин мисал келтирди.
“Мен прокуратуранын имаратын өрттөөгө А.Келдибеков катышкан деп айта албайм, бирок айрым мамлекеттик кызматкерлердин катыштыгы болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени башкы прокуратуранын имаратында мамлекеттик деңгээлдеги иштердин документтери сакталып турат”,- деди Салянова.
Жыйында башкы прокурор жана анын орун басарлары депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.