Москвада Кыргыз жараны мас абалда полицияга кол салды

Москвада эки мигрантты кармоо учурунда алар полицияга каршылык көрсөтүп, кол салды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 9-февралда Москванын түштүгүндөгү Царицыно районунда болгон. Чакыруу боюнча келген полиция кызматкерлери эки адам үйдүн короосундагы балдар аянтчасында спирт ичимдиктерин ичип отурганын аныкташкан. Алар мас абалында болушкан.

Аларды кармоо учурунда полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол салышкан. Полиция кызматкерлери кызматтык куралын колдонууга аргасыз болгон.

Кармалгандардын бири 28 жаштагы Кыргыз жараны болсо, экинчи кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда кармалган адам, ошондой эле полиция кызматкери ар кандай жаракаттар менен ооруканада жатат.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anikin83
2022-02-10 10:12:34
Мен полицияны актабайм,бирок ичтинби куноолуусун,мыйзамды буздунбу куноолуусун.Ансыз деле уруш-жанжалдын айынан мигранттар учун катаал мыйзамдарды чыгарып атышат.
+7
Adi010891
2022-02-10 10:24:38
Олда кокуй кун оой, ичкенде кыргызчылык адатты кармап кеткенго
+3
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-10 10:46:05
Бир кумалак бир каарын майды чиритет деген ушуда ушунун айынан даагы жаман көрүнгөн кыргыз болот эми
+5
Fernando_Torres
2022-02-10 11:10:05
Baha.Kyrgyzstan,Акчаны Аллах берет орустун богун тазалап не кыласың кафурдан коркпо акчаңдын кереги ташка тийсин Акчаң башында калсын намыс болуу керек
-6
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-10 12:32:23
Fernando_Torres,Мээң жайындабы причем акча кеп кыргыз жөнүндө болуп атат.Өзүңчө намыстуу болуп жазып атасыңбы
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан