Ош. Алайда жол тоскондор "Президент Алмазбек Атамбаев келмейинче кетпейбиз" деп жатышат

Азыркы тапта Алайда жол жабык бойдон турат. Жергиликтүү тургундар депутат Ахматбек Келдибековду эркиндикке чыгуусун талап кылып бүгүн, 21-ноябрда Гүлчө айылында жол тосушкан. 
Буга чейин жеңил авто унааларды өткөрүп, жүк ташуучу унаалар токтотулган болсо, азыр Гүлчө айылынын эки тарабы тең жабылып, жеңил автоунааларды да өткөрбөй жатышат. Нааразылык билдирип чогулган эл "Президент Алмазбек Атамбаев келмейинче кетпейбиз" деп билдиришти. 
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан