Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын полициясы уул төрөш үчүн башына мык каккан аялды жана ага ушундай кеңеш берген табыпты издөөгө киришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан аялдын үч кызы бар жана төрт айлык кош бойлуу. Эгер төртүнчү жолу кыз төрөсө күйөөсү таштап кетерин айткандан кийин ушундай кадамга барган. Ал күйөөсүн жоготуп албашы үчүн табыпка барганда, табып мык берип, аны башына кагуусун айткан.
Ал үйүнө келип, башына мык каккан. Андан кийин жакындары ооруканага жеткирген.
Полиция аялдын башына мык кагылган рентген сүрөтү интернетке тарагандан кийин издей баштаган.