Орусияда маркетте иштеген аялдын өлүмүнө шектелип Кыргыз жарандары кармалды (видео)

Орусиянын Истра шаарында маркеттердин бирине кирип, кассир аялды өлтүрдү деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кол салуу 9-февралга караган түнү болгон. Анда бейсбол таякчалары менен каракчылар дүкөндүн жетекчисин жана анын күйөөсүн, ошондой эле кассирди сабап салышкан. Кассир алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

"Сыртта каракчыларды шериктери күтүп турган. Алардын бири дүкөндүн жанында болуп, абалды көзөмөлдөсө, экинчиси унаа айдап жүргөн. Жалпысынан кол салгандар кассадан 71 миң рублдан ашык акчаны алып кетишкен. Каракчылыкты Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандан келген жарандар жасаган деп шектелүүдө. Алар Орусияга иштөө үчүн келип, ар кандай курулуштарда иштешкен. Кол салгандар 26 жаштан 41 жашка чейинки жарандар" - деп жазылат маалыматта.

Айрым орус басылмалары кылмышка 4 тажик жараны шектелип кармалды деп жазышууда. Элчилик маалыматты тастыктай элек.

Орусияда каракчылыкка шектелип кыргыз жарандары кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
alym21
2022-02-10 12:38:12
Тактап жазгыла,тажиктер деп журотго Россия басылмаларында.Тажик диаспорасынын башчысы да интервью бериптир они позор нашей нации деп.
+28
alym21
2022-02-10 12:39:35
Кайсыл жол менен барганы маанилуу эмес
0
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-10 12:42:29
Итак мигранттарга талап күчөп атканда ушундай окуя кошумча болуп атат.Ушунун айынан канчалаган адамдарга залакасы тиет.Көп баскан аяк бок басат деген ушу болот
+9
AidaKurman
2022-02-10 12:43:49
4 тажик жараны кармалды 17 жаштан 24 жашка чейинки деп журотко башка сайтта.
+9
Rahim76
2022-02-10 12:47:33
Каракчы болсо да, кыргыз тажик менен бирге каракчылыкка барбайт.
+21
Isken90
2022-02-10 15:03:31
Суперде бет деле калбаптыр эптеп ушак таркатса болду
+5
tsunse
2022-02-10 15:04:30
Булар походкасынан кыргызга окшобогон,бир ааз шимпанзеге окшоп басат экен. Маркетте өзүнө ишенимдүү басып жүргөнүнө көңүл бурсак, бул балдар мурун ошол жерде иштеп, баарын, сейфти,акчаны көрүп болжолдоп жүрүшкөн. СК Россия бул ишти эч кыйынчылыктары жок эле ачыкка чыгарат.
+4
NURSAPAR
2022-02-10 20:09:38
Бул жаңылыгыңарды өчүргүлө, уят кылбай, тожиктер алар.
+5
Anikin83
2022-02-10 21:51:57
Ушинтип озубуздун ММКры уят кылат да,орустар кыргыздар бар экен десе деле силер жалаң тажиктер экен деп жазсанар боло
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан