Алматы прокуратурасы Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча комментарий берди

Алматы облусунун Карасай районунун прокуратурасы январь окуясында кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, 7-январь күнү Алматы-Бишкек унаа жолундагы стационардык пунктта ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УККнын Чек ара кызматынын спецназдары унааларга кароо жүргүзгөндө, деталдуу текшерүүдөн өтүүнү талап кылган бир катар адамдар (анын ичинде Кыргыз жараны Викрам Рузахунов) аныкталган.

"Ал денесинен алган жаракаттары менен Карасай районундагы атайын кабыл алуу пунктуна жеткирилген. Жарааттардын келип чыгышын аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Рузахунов кармалганда анын жанынан жана ал отурган унаадан эч кандай курал табылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Рузахуновду Алматы полиция департаментинин кызматкерлери суракка алышкан.

"Рузахуновдун көрсөтмөсүн текшерүү учурунда, Алматынын аймагындагы баш аламандыкка катышуу фактысы аныкталган эмес. Ошондуктан ал бошотулган", - дешкен мекемеден.

Прокуратура УККнын Чек ара кызматынын атайын отряды тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз өлкөсүнүн беш жараны кармалганын, алардын көрсөтмөлөрү текшерилип, кийин баары бошотулганын билдиришкен.

Алматыдагы баш аламандык учурунда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов абакта отурганда кыйноого кабылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raikakyz
2022-02-11 00:13:36
Жаныңарды жеп жүрүп эмне болоор экен.
+12
Sajakat14
2022-02-11 01:55:32
Кудайдан жетсин жалаа жаап, калп жерден террорист дегендерге! Калп алыска кете албайт! Мансап, бийлик деп жүрүп өлөсүңөрго бир күнү!Токаев менен Назарбаев силер дагы өлөсүңөр! Карапайым элдин жанын койгула калп жерден жалаа жаап, сабап, түрмөгө тыкпай! Болгондо дагы кошунасынын жарандарына өздөрүнүн кылган кылмышын түртүп жатышкандарын! Кудай жеткирет силерге! Кыргызстандын жарандарына Асылбай калгыла! Кудай карап турат баарын!
+9
Nur2021
2022-02-11 10:14:32
Уят уят казак туугандар уят... Бетинер бет эмес эле бетот экен...
+4
Mubarak
2022-02-11 10:20:34
Мадумаровко жазайын десем талкуу жабык екенсиз арендага Берген учун эмнелер болду еми по жерди ээлеп алгылары бар жуз процент чыккынчысыз сиз сиздин айыныздан канча Адам олду тарыхта атыныз жазылып калды сиз ушуга татыктуусуз ошол жерге кочуруп алып баргыла муну
-1
Toxa76
2022-02-11 11:46:39
Mubarak,арендага берген эмес .Наоборот арендага алган.
-1
Mubarak
2022-02-11 12:22:24
Toxa76,тажиктер бизге арендага жер Берген и же кыргыздар Берген и арендага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан