Баткенде Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жолу менен өткөрүлүп жаткан жүк кармалды

Кечээ, 20-ноябрь күнү Баткен облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чек арачылар аткезчилик менен Кыргызстандан Тажикстанга өтүп жаткан 40 тонна күйүүчү майдын өтүшүнө бөгөт койду. Күйүүчү майдын баасы 1,5 миллион сомго бааланган. 

Мындан сырткары 20-ноябрда Баткен облусундагы Айдаркен чек ара кезметинин кызматкерлери баасы болжол менен 20 миң сомду түзгөн, аткезчилик менен өтүп жаткан 27 ящик жер-жемиштин өтүүсүнө бөгөт коюшкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң бул жүктөр Баткен облусу боюнча ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан