Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда депутат Ахматбек Келдибековдун адвокаты Искендер Журабаев: "Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков азырга чейин эмне үчүн кармалганын билбейт”,- деп маалымат каражаттарына билдирди.
Мындан сырткары бир эле учурда үч кылмыш иши боюнча камакка алуу мыйзамга туура келбегенин жана кылмыш иши козголгондугу тууралуу акт менен депутатты камоо тууралуу протоколдун көчүрмөсү азырга чейин колуна тие электигин айтты. "Келдибеков менен эртең менен жолукканымда ал өзүн “Соцфонддун төрагасы болуп турган кезинде паракорчулук кылган деген айып менен кармалганын айтты. Ал эми тергөөчү Жеңиш Сеитов “Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде кылмыш ишин жасаган” деген айып менен кармалганын айтып жатат. Азырга чейин Келдибеков кайсы факты боюнча кармалганын түшүнбөй жатабыз”,-деди Журабаев. Ошондой эле адвокаттын айтымында, депутатты кармоодо сурак жана экспертиза “процедуралары” жүргүзүлгөн эместигин айтты.