Бүгүн, 21-ноябрда парламентте өтүп жаткан жыйында Башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго жана анын жубайы Аида Токтоматовага байланыштуу паракорчулук схемасын чийип, коомчулукка жарыялады.
Салиевдин маалыматы боюнча, Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова 3 фирманын ээси.