"ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Неймардын банктык эсебине хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Маалымат булактарында Неймардын банктык эсебин бузуп, 40 миң доллардан ашык акчаны алган адам кармалганы жазылат.
Полициянын маалыматы боюнча, хакер банк эсептери менен мыйзамсыз операцияларды жүргүзүп, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.
"Хакер банк жалдаган аутсорсинг компаниялардын биринде администратордун жардамчысы болуп иштеген. Ал жерде ПСЖнын оюнчусу жана анын атасынын эсеби бар болгон. Жалпысынан аталган кылмышка ондон ашык адам катышкан. Кылмыштын демилгечиси катары шектелип 20 жаштагы жигит кармалды", - деп жазышат басылмалар.
Ал эми Неймардын эсеби катталган банк футболчуга уурдалган сумманы кайтарып берген.
Белгилей кетсек, 2021-жылда Неймар эң көп киреше тапкан футболчулардын үчилтигине кирген. Бразилиялык футболчу 81 миллион евро менен чектелген.