Алтынбек Сулайманов менен Аида Салянованын ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов башкы прокурорго кесиптеши Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу сунушун айтты. “Биз, 10 депутат, кепилдик берели, аны үй камагына чыгарыңыз. Эгер Ахмат Келдибеков качып кетсе, ошол 10 депутатты камап коюңуз, Келдибеков бизди бошотуу үчүн кайтып келет”,- деди депутат. 

Депутат коррупция менен күрөш туура эмес багытта бара жатканын айтты. “Коррупция менен чындап күрөшсө, бүгүнкү аткаминерлерди четтен камаса болот”,- деди эле Аида Салянова айтылган сөзгө каршы чыкты. 

“Кана, ошол адамдардын фамилияларын бериңиз, иш козгойлу. Такталбаган маалыматты айтпаңыз”,- деди Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан