Түркмөнстанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болду

Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 12-мартка белгиленген. Шайлоого даярдыктар көрүлө баштады.

Түркмөнстандын президенти болуп Түркмөнстанда төрөлүп, акыркы 15 жылдан бери жашап, иштеп жаткан өлкөнүн жараны шайлана алат. Ал кеминде 40 жашта болушу жана милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билиши керек. Президент жети жылдык мөөнөткө шайланат.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген.

Түркмөнстанда акыркы жолу президенттик шайлоо 2017-жылы өткөн. Кезектеги шайлоо 2024-жылы өтүшү керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuuman
2022-02-12 19:25:46
Баласы Сардар 40 жашка чыккан экенда.
+3
Akjol18
2022-02-12 20:05:12
Ооба,баласы койот окшойт кандидатурасын.Жаштарга жол бошотуш керек деп бекерден айтпадыда.
+2
Gulina00
2022-02-12 21:22:56
Бвшка бироо шайланса бунун бвшы кетет.Ото эле озун кудай сезип алган.
+3
Jelezo
2022-02-12 21:55:42
Ден соолугу начарлай баштаган экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан