Аида Салянова “Ахматбек Келдибековго башка да айыптар тагылышы мүмкүн” деди

Депутат Ахматбек Келдибековго азыркы тагылып жаткан 3 айыптан башка да айыптар тагылышы мүмкүн. Муну парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова айтты.  

Маалыматка таянсак, Келдибековдун Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигиндеги жана 19 миллион долларлык кредиттин тегерегиндеги мыйзамсыз иштерге катыштыгы болушу мүмкүн.  

“Учурда бул фактылар боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат”,- деди башкы прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан