"Жүк 200" деген сөздүн өзү эле дене бойду титиретет. Бирок эмне себептен "жүк 200" деп аталып калганын баарыбыз эле билбесек керек. Мурун-кийин жамандык менен иши болбогондор "жүк 200дүн" эмне экенин түшүнбөйт дагы. Биз эмне себептен "жүк 200" деп аталып калганын билүүгө аракет кылдык.
Бул сөз 1980-жылдары Ооганстандагы согуш учурунда пайда болгон. Адегенде бул өлгөн жоокерди көмүлгөн жерге жеткирүү дегенди түшүндүрсө, кийинчерээк ал кеңири мааниге ээ болгон - сөөк менен табыт ушундай атала баштаган.
Ооган согушу жылдарында СССРдин аймагында адам жоготууларынын реалдуу саны жөнүндө маалыматтардын купуялуулугу күчөгөн. Бул сырдын алкагында 1984-жылдын 8-октябрында СССРдин коргоо министри каза болгон адамдын сөөгүн аскердик транспорттук учактын же граждандык авиациянын ташуусу боюнча №200 буйругун чыгарган. Аскер кызматкеринин сөөгү учак менен ташып бара жатканда ага 200 килограммдык жүк үчүн багаж билети берилген.
Терминдин келип чыгышынын экинчи версиясы катары - табыттын болжолдуу массасы 200 килограмм болушу эсептелет. Буга негиз катары жүктөлүүчү табыттын жалпы көлөмү 200 килограммга жакын болушу айтылып жүрөт. Бирок сөөктү даярдоо жана жүктөө менен алектенгендер табыттын салмагы көбүнчө 150 килограммдын тегерегинде болорун айтып келишет.
Цинк табыттын жыгачка салыштырмалуу бир нече артыкчылыктары бар. Мындай табыттарды көздөгөн жерине жеткирүү оңой жана транспорттун бардык пункттарында жайгаштырылат. Бул жүктүн коопсуздугу үчүн эң ыңгайлуу, анткени ал коррозияга (дат басуу) каршы касиетке ээ. Бул айрыкча денени алыс аралыкка ташууда маанилүү.
Цинк табыт менен маркумду ташууда коопсуздук чараларын сактоого болот. Денени табытка жаткырардан мурун бальзамдоо керек. Эгерде сиз аны алыс эмес жерге ташып барсаңыз, анда металл табыттын ордуна, жыгачтан цинк каттамы салынат. Мөөр басылган табыттар бажы, темир жол бекеттеринде жана аэропорттордо алып өтүүгө ыңгайлуу.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Москва шаарында мекендештер менен жолугушууда "Эми Жүк 200дүн чыгымын мамлекет толук моюнга алат. Ар бир төлөнүүчү каражат эсептелип чыгып, атайын кызматтар сөөктү жөнөтөт. Анын баарын консулдук уюштурат. Өлкөгө акча салсаңыздар жакшы, ал эми каза болуп калса сөөгүн талаага таштап койгон адамгерчиликке да жатпайт. Учурдан пайдаланып пандемия учурунда жардам берген диаспорада иштегендерге ыраазычылык билдирем" деп белгилеген.