Украиналык олигархтар жана ири ишкерлер чартердик каттамдар жана жеке учактар менен өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жекшемби күнү эле 20га жакын олигарх Украинадан чыгып кеткен. Өлкөдөн чыгып кеткендердин арасында оппозициялык платформа – “Өмүр үчүн” партиясынын депутаты, миллионер Игорь Абрамович дагы бар. Ал 50 кишилик учакты жалдап чыгып кеткен. Бул учакта партия мүчөлөрүнүн жакындары, ошондой эле Абрамовичтин бизнес өнөктөштөрү дагы бар жана учак Киевден Венага учуп кеткен.
Украинанын жергиликтүү басылмалары Украинадан кеминде сегиз ишкер чыгып кеткенин, алардын арасында Жогорку Раданын депутаттары да бар экенин жазышты.