“Ахматбек Келдибековду бошотууга кепилдик берип, өзүңөргө абдан чоң жоопкерчилик алып жатасыңар”,- деди башкы прокурор Аида Салянова ЖКнын 21-ноябрдагы жыйынында. Айта кетсек, бүгүн депутаттар Келдибековду бошотууга кепилдик берүү чечимине келишти.
“Адамдар коррупцияга байланышкан иштерди жасоодо эч нерседен коркушпайт. Силер азыр бир адамдын тагдырына кейип жатасыңар. А менин өлкөдөгү жарандарга боорум ооруйт. Коррупционерлердин айынан дайынсыз кеткен миллиондогон акчаларга мектеп, бала бакча, оорукана курулмак. Мени айрым депутаттар “аялсыз, жумшак болуңуз” дешти. Ооба, аялмын. Коррупциялык схемадан жапа чеккен элге боорум ачыйт”,- деди Салянова.
Аида Салянова депутат Келдибековду бошотуунун башка кесепетин айтты. “Эртең карапайым бирөө ушундай эле кылмыш менен айыпталып кармалса айтат, “менин да баш коргоо чарамды өзгөртүү боюнча эмнеге маселе көтөрбөйсүңөр?" деп”,- деди башкы прокурор.