Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык отурумунда чек арадагы аскерлердин маселелери талкууланат

Новопокровка айылындагы квалификацияны жогорулатуу борборунун базасында бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык отуруму өтөт. 

Ага Чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана командирлер катышышат. Анда жыл башынан бери аталган кызматтын аткарган иштери каралмакчы. 

Мындан сырткары КРнын Президентинин Кыргызстандын коррупцияга каршы саясаты жана коррупцияны жоюу чаралары боюнча мамлекеттик стратегиясы тууралуу указын ишке ашыруу талкууланат. Ошондой эле чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн биргелешип иш алып баруусу жана мамлекеттик тил маселеси каралат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан