Ахматбек Келдибековдун ишин Акыйкатчы аппаратында түзүлгөн атайын комиссия иликтейт

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратында 20-ноябрда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун ишин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Комиссия мүчөлөрү 21-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда кармалып жаткан депутат Ахматбек Келдибековго жолугушту. Жолугушуу учурунда Келдибеков кармоо шарттарына нааразы эместигин билдирген. 
 Мындан сырткары Акыйкатчынын өкүлдөрү депутаттын 3 адвокаты (А.Бекназаров, И.Журабаев, Т.Чилникин) менен да жолугушту. 
Ахматбек Келдибеков өзүнүн күнөөлүү эместигин айтып, ага карата козголгон кылмыш иши объективдүү чечилерине ишенгендигин билдирди. Ал өзүн патриот катары эсептөө менен өлкөдөн эч жакка кетпестигин айткан. Ошондой эле ал соттун чечими чыга электе эле айрым массалык маалымат каражаттары аны бир жактуу каралап жаткандыгын айтып, адамдын  күнөөлүү же күнөөсүз экендигин бир гана сот аныкташ керектигин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан