Бүгүн, 22-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында Кыргыз
Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “инвесторлор
милдеттерин так аткарышса, өкмөт алар менен кызматташууга даяр” деп билдирди.
Анын айтымында, азыр Кыргызстанды инвестициялык климаты туруксуз өлкө катары
көрсөткүсү келген аракеттер байкалууда.
“Биздин өлкөдө инвестициялык климат
туруктуу. Эгерде инвесторлор милдеттерин так аткарып, таза иштешсе, биз алар
менен кызматташууга даярбыз”,- деди Сарпашев.