Канатбек Садыков Түркияда өтүп жаткан билим берүү министрлеринин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Канатбек Садыков түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине кирген өлкөлөрдүн билим берүү министрлери чакырылган жыйынга катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 
Маалыматка караганда, Түркиянын Эскишехир шаарында өтүп жаткан кеңешме 21-ноябрда башталган. Эки күнгө белгиленген жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын ортосунда биримдик түзүү, кызматташуу жана Түркиядагы “Мевляна” программасынын (студенттерди түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине кирген өлкөлөрдүн окуу жайларынан билим алууга жиберүү) алкагында кызматташуу маселелери каралууда.
Ошондой эле түрк тилдүү элдердин жалпы тарыхын камтыган окуу китебин чыгаруу, биримдикте билим берүүчү телеканалды негиздөө каралат. Мындан сырткары кызматташуу кеңешине кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик тилин уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн жогорку класстын окуучуларына тандоочу курс катары сабак кылып киргизүү талкууланат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан