Бишкекте бүгүн, 22-ноябрдагы КСДП фракциясынын жыйынында
депутат Төрөбай Зулпукаров:
“Кыргызстан боюнча ичүүчү таза суусу да, арыктан аккан суусу да жок 5 айыл бар. Мен алардын бирөөсүндө болуп келдим.
Айыл Ноокат районунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан.
Эл көлчүктөрдөгү кир сууларды ичип жатышыптыр. Ал жерде 125 үй-бүлө жашайт экен”,- деди.
Таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү керектигин
кошумчалап: “Эмнеге алар таза суусу жок жашашы керек? Суу ташыгыч унаалар менен
болсо да таза суу жеткиришибиз керек”,- деди Зулпукаров.