Атайын текшерүүнүн натыйжасында Октябрь районундагы санитардык-экологиялык ченемдердин бузулушу аныкталды

Октябрь районунун аймагында санитардык-экологиялык ченемдердин бузулушу аныкталды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Туңгуч кичи районунда жайгашкан “Азат” корпорациясынын курулуш объектисинде жана 6-кичи районунда орун алган “Улук” унаа токтотуучу жайында таштандылар ар кайсы жерлерге ташталган.

Рейддин жыйынтыгы менен Санитардык-экологиялык кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилиги жөнүндө”  кодексинин 488, 489-беренелери боюнча жогоруда аталган ишканалардын жетекчилигинин атына протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан