Брэд Питт Анжелина Жолини сотко берди

Америкалык актёр Брэд Питт мурунку жубайы, актриса Анжелина Жолини шарап заводунун үлүшүн жашыруун сатты деп айыптап, сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, мурунку жубайлар 2008-жылы "Chateau Miraval" француз шарап заводун сатып алышкан. Брэд Питт сатып ала турган талапкер ага жаккан шартта гана Жолиге бизнестин бир бөлүгүн сатууга уруксат берген. Бирок Анжелина Жоли бир айдан кийин мурунку жолдошуна айтпай эле шарап заводундагы үлүшүн орусиялык ишкерге сатып жиберген.

Мындан улам актёрдун сотко кайрылууга аргасыз болгондугу айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан