Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II ага басуу кыйын болуп жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 95 жаштагы Елизаветта II Виндзор сепилинде өзүн кандай сезип жатканын айтып, буттарындагы көйгөйлөрүн көрсөткөн жана кыймылдай албай жатканын билдирген. Ал эми дарыгерлер муну жаш куракка байланыштуу жана анын натыйжасында кыймылдоо кыйынга туруп жатканын маалымдашкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Елизавета II такка отурганынын 70 жылдык мааракесин белгилеп, уулу ханзаада Чарльз такка отургандан кийин анын жубайы Камилла ханыша болорун айткан.