2013-жылдын 10 ай
аралыгында автокырсыктан 933 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн 22-октябрдагы “Ата Мекен”
фракциясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди.
“Жол
кайгуул кызматынын өкүлдөрү 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин адистери менен бирге текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Алар өлкө боюнча айдоочулукка үйрөткөн 204 мектеп бар экенин аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгында автоунаа айдоого үйрөтүүчү мектептин 3ү гана тиешелүү талаптарга жооп берген. Дагы 60 мектептин лицензиясы жараксыз
деп табылса, 39 мектепти жаба алышкан эмес”,- деди Талантбек Исаев.
Мындан сырткары 2012-жылы жол кырсыгынан 1069 адам каза болгонун айтты.