Ош. Шаар башчысы Мелис Мырзакматов БУУнун жогорку комиссары Астрид Торс менен жолугушту

Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку комиссары Астрид Торс менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти сактоо жаатында аткарылып жаткан иш-чаралар талкууланды.  Ошондой эле шаар башчы калктын ынтымакта жана биримдикте жашоосу үчүн жетекчилик колдон келген бардык иштерди аткарып жаткандыгын кошумчалады. 

Астрид Торс шаар башчысынын Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүн кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан