Бүгүн, 22-ноябрда СПИД жана кургак учук оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогору деп саналган топко кирген сойкулар менен селсаяктардын
саламаттыгы текшерилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер
башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, мындай демилге Биринчи Май райондук
Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө сойкулук менен алектенген кыздар жана селсаяктык кылгандар флюорографиядан өтүп, СПИДге каршы кан тапшырышкан.
Бул иш-чарага Биринчи Май РИИБинин, Бишкектеги
СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун, ошондой эле №1-кургак учук
диспансеринин кызматкерлери катышты.