Президенттер: Айымдардын унаа башкаруусуна тыюу салган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу кызыктар

Түркмөнстан дүйнө өлкөлөрүнө ачылып сырын айта бербеген жабык мамлекет. Албетте, минтип так кесе айтуунун да жөндүү себеби бар. Көптөгөн көз карандысыз уюмдардын жана басылмалардын маалыматтарына ылайык Орто Азияда жайгашкан бул өлкө сөз эркиндиги боюнча тизмеге алынган 178 мамлекеттин ичинен 176-орунда турат. Жалпак тил менен айтканда, тоталитардык режим катуу орногон делген Түндүк Корея, Сирия, Судан өңдүү мамлекеттер менен бир катарда жайгашкан.

Анткен менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген апапак мрамордуу Ашхабад шаары, дүйнө өлкөлөрүнөн кызыгуусун арттырган улуттук маданияты, Ахалтекин породасындагы таза кандуу жылкылары менен азыркыга чейин дүйнө элдеринин көңүл борборунда.

Ашхабад шаары

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында дал ошол Түркмөнстандын учурдагы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Гурбангулы Бердымухамедов

Мугалим жана милиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Түркмөнстандын Ахал вилаетиндеги Бабарап кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мяликгулы Бердымухамедов тарыхчы жана милиция кызматкери болгон. Өз учурунда Түркмөнстан улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, бир канча жыл агартуучулук кызматта иштегенден кийин Орджоникидзе атындагы аскердик окуу жайда билим алган. Милиция кызматкери катары СССРдин Ички иштер министрлигинде эмгектенип, подполковник даражасына чейин жеткен.

Ал жубайы Огулабат Бердымухамедова экөө 6 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Гурбангулы Бердымухамедов 5 кыздын ичинде жалгыз эркек. Анын Гүлнабат, Дүрдынабат, Гүлжамал, Огулжамал жана Мяхри аттуу бир тууган эже-карындаштары бар.

Медицина илиминин изине түшкөн жаш Бердымухамедов

Мугалимдин уулу кичинекей кезинен эле билимдин маанилүүлүгүн жакшы түшүнгөн жана өз келечеги үчүн дарыгерлик кесипти тандап алган. Ал 1974-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Түркмөнстандагы Мамлекеттик медициналык институтка тапшырып, тиш дарыгерлиги бөлүмүндө билим алган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң алгач айылдык ооруканада иштеп баштаган. Кийин райондук жана облустук ооруканаларда негизги тиш дарыгерлердин бири катары эмгектенген. 1987-жылы билимин андан ары өркүндөтүп, Москвада аспирантурада окуган. Андан соң 1990-1995-жылдар аралыгында өзү окуган медициналык институтта алгач кафедра башчысынын жардамчысы, кийин факультеттин деканы болуп эмгектенген. 1995-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин курамындагы тиш дарылоо борборунун директору болуп дайындалган. Жаштыгын илимге арнаган Бердымухамедов медицина илимдеринин доктору жана эң жогорку илимий даража болгон профессорлукка чейин жеткен.

Медициналык институтта окуп жүргөндө

Президенттикке алып барган жол...

Гурбангулы Бердымухамедов 1997-жылы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалат. Бул тармакта жасаган алгылыктуу иштери аны саясий чөйрөдө өз ишин мыкты билген адис катары тааныта баштаган. Мындан улам 2001-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Ал убакта өлкөнүн президенти, ошол эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы да Сапармурат Ниязов эле. Демек, Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысынын эң жакын адамдарынын бирине айланган.

2006-жылы президент Сапармурат Ниязов дүйнөдөн өткөндө мамлекет башчысын акыркы сапарга узатуу боюнча уюшулган комиссияны Бердымухамедов өзү жетектеген. Көп өтпөй Коопсуздук кеңеши Гурбангулы Бердымухамедовду президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Мыйзам боюнча бул кызматка ошол убактагы межлис (Түркмөнстан парламенти) төрагасы Овезгельды Атаев шайланмак. Бирок ага карата күтүүсүздөн кылмыш иши козголуп, камакка алынгандыктан ордуна Бердымухамедов келген.

2007-жылы 11-февралда өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, анда Гурбангулы Бердымухамедов шайлоочулардын 89 пайыз добушу менен жеңип чыгып, расмий түрдө кызматка киришкен. Ал эми 2012-жылы кезектеги шайлоодо 97 пайыздан ашык добушка ээ болуп, экинчи мөөнөткө өлкө башчысы болуп шайланган. 2017-жылдагы президенттик шайлоо конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен өткөрүлгөн. Ага ылайык өлкө башчысы 5 жыл эмес, 7 жылга жана үчүнчү мөөнөткө да шайланууга укук алган. Мындан улам Бердымухамедов шайлоого кайра аттанып 94 пайыз шайлоочулардын добушу менен 3-ирет мамлекет башчылык кызматка отурган.

Жеке эле президент эмес...

Гурбангулы Бердымухамедов жеке эле өлкө президенти эмес. Ал ошол эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы, Халк Маслахатынын (өлкө парламентинин жогорку палатасы) төрагасы, Милли Генгештин (эки палаталуу парламент) төрагасы, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы болуп саналат.

Мурунку президент түзүп кеткен жеке адамды туу тутуу сыяктуу көрүнүштөрдү

жокко чыгарган

Гурбангулы Бердымухамедов президент болуп шайлангандан кийин мурдагы өлкө башчысы Сапармурат Ниязов киргизген өзгөртүүлөрдүн бардыгын жокко чыгарган. Кезинде Сапармурат Ниязов тарыхта калуу аракетинде календардагы ай аталыштарын өзүнө жана үй-бүлөсүнө байланыштуу аталыштар менен алмаштырып, өлкө ичинде колдонууга чыгарган эле. Ага ылайык январь - Түркмөнбашы (Сапармурат Ниязовдун президенттик титулу), апрель - Гурбансолтан (апасынын аты), сентябрь - Рухнама (өзү жазган философиялык эмгеги) болуп өзгөртүлгөн. Бердымухамедов мындай нерсени жокко чыгарып, кадимки Григориан календарын кайтарып келген.

Мындан тышкары мамлекеттик гимнден, мамлекеттик кызматкерлер кызматка киришер алдында бере турган анттын текстинен мурдагы президенттин ысымын алдырган. Ошондой эле телеканалдардын логотибинде сөзсүз коюлушу керек болгон Түркмөнбашынын сүрөтүн жокко чыгарган.

Мурда Түркмөнстанда студенттер жана окуучулар Сапармурат Ниязов жазган "Рухнама" китебинен мамлекеттик экзамен тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул жорук дагы Бердымухамедовдун бийликке келиши менен күчүн жоготкон. Мындай аракеттин баарын ал жеке адамдын атына сыйынуу жана аны туу тутуу сыяктуу адатты токтотуу үчүн жасаганын билдирген.

Жеке адамды туу тутуунун жаңы формасы келип...

Президенттин жеке адамга сыйынуучулуктун белгилерин жок кылууга аракет кылган жогорудагыдай иш-аракеттери мактоого татыганы менен өлкөдө анын жаңыча формасы пайда болгон. Маселен 2010-жылы ал өзүнө "Аркадаг" (ред: калкалаар тоо, чоң таяныч деген мааниде) аталышындагы титул алган. Ошондой эле өлкө башчынын 50 жылдыгына карата Улуттук Банк анын сүрөтү түшүрүлгөн алтын жана күмүш тыйындарды чыгарган. Бир катар сынчылар президент менен байланышкан мындай көрүнүштөрдү кескин сындап келишет. Айрым көз карандысыз чет элдик басылмалар Түркмөнстандагы дагы башка ушул сыяктуу сынга алынган жоруктарды жазып чыгышкан. Алар төмөнкүчө:

- 2015-жылы Ашхабад шаарына өлкө башчысынын ат минип турган 21 метрлик алтын жалатылган айкели тургузулган.

- Майрам күндөрү мамлекеттик телеканалдардан сөзсүз түрдө министрлер кабинетинин жана Межлистин атынан президентке куттуктоо сөзү тартууланат.

- Өлкөдө мамлекеттик сыйлык алгандар президенттин алдында ийилип таазим кылууга милдеттүү. Ал эми мурдагы өлкө башчысы Сапармурат Ниязовдун тушунда анын шакегин өөп ыраазычылык билдирүү адаты болгон.

- Ар бир үйлөнгөн жубайлар никелик каттоодон өткөндө Бердымухамедовдун портретинин фонунда сүрөткө түшүүгө милдеттүү.

- Мектеп программасына ал жазган китептерден үзүндүлөрдү окутуу киргизилген. Ошондой эле мамлекеттик телеканалдардын берүүлөрүндө да ал айткан цитаталар байма-бай колдонулуп келет.

Мактоого алынган же нааразычылык жараткан реформалары

Бердымухамедов президент болгондон кийин көптөгөн реформаларды жасаган. Алардын айрымдары калктын пайдасына чындап жараса, айрымдары эл арасында жашыруун болсо да нааразычылыктарды жараткан. Ал карапайым калк үчүн интернетти эркин колдонууга мүмкүнчүлүк ачкан. Андан мурда жокко чыгарылган пенсияны кайтарып келген. 2008-жылы жалпы жарандар үчүн бекер бензин берүүнү ишке киргизип, 8 жылдан кийин, 2016-жылы гана кайра бул демилгени артка алган. 2015-жылдан тарта бардык мектеп жана жогорку окуу жайларына англис, орус тилдеринен тышкары япон, кытай тилдерин окутууну киргизген.

Ал эми элдин ичтен нааразычылыгын жараткан өзгөртүүлөрүнө 2018-жылдан тарта аял кишилердин унаа башкаруусуна жана аларга айдоочулук күбөлүк берилишине тыюу салгандыгын айтсак болот. Ошондой эле ак чачтуу мамлекеттик кызматкерлердин чачтарын карага боёосуна тыюу салган. Мындан улам мекемелерде илинген президенттин кара чачтуу сүрөттөрүнүн баары ак чачтуу сүрөтүнө алмаштырылган. Мындан тышкары Түркмөнстандын шаарларында кара түстөгү унаа колдонууга болбойт. Андай унаа айдаган адамдарга айып пул салынып, унаалары айып аянтчасына токтотулат.

Диктаторлордун рейтингинде 5-орунда турат

Гурбангулы Бердымухамедов америкалык "Форин Полиси" журналынын рейтингине ылайык дүйнөдөгү эң катаал 23 диктатордун ичинен 5-катарга жайгашкан. Мындай жыйынтыктын да жүйөлүү себептери бар. Өлкөдө сөз эркиндиги аябай чектелген. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын изилдеген эл аралык "Эркин кабарчылар" журналы Түркмөнстанды 178 мамлекеттин арасынан 176-орунга жайгаштырган. "Human Right Watch" уюму бир канча жылдан бери өлкөнүн абактарындагы саясий куугунтуктун курманына айланган активисттер жана оппозиционерлер тууралуу үн катып келет. Уюм 2016-жылы жарыялаган жабык жана тоталитардык режим күч алган өлкөлөрдүн рейтингинде Түркмөнстан Түндүк Корея, Сирия, Судан жана Сауд Аравиясы өңдүү мамлекеттер менен бир катарда орун алган. Ал эми саясий куугунтук боюнча постсоветтик өлкөлөр арасында биринчи орунда турат деп белгиленген. Дагы бир кызык маалымат Түркмөн бийлиги 2015-жылы Адам укуктары боюнча ар жылы өтүүчү эл аралык форумга акыркы 13 жылдан бери алгачкы жолу делегациясын жиберген.

Ат чабыш жана автожарыш сүйүүчүсү

Түркмөн лидери бала кезинен спорттун бир канча түрү менен алектенип келет. Спорт анын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү десек да болот. Окуучулук кезинде ал классикалык күрөш түрүнөн Ашхабад шаарынын чемпиону болгон. Ошондой эле ок атуу боюнча өлкө чемпиондугун жеңип алган. Өлкө башчысы азыр да ар кыл спорт түрлөрү менен машыгып, кези келгенде мелдештерге да катышып келет. Өзгөчө ат спортторун жана автожарыштын сүйүүчүсү. Маселен 2013-жылы "Эл аралык ат спорттору" аренасында өткөн ат чабышка катышып, биринчи келген жана ири суммадагы байгени жеңип алган. Мындан тышкары автожарыш турнирлеринде бир канча ирет жеңүүчү аталган. Ошондой эле веложарыш, футбол жана гольф сыяктуу спорт түрлөрү менен да алектенет.

Жубайы Огульгерек Бердымухамедова тууралуу эч маалымат кездешпейт

Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огульгерек Бердымухамедова. Бирок анын сүрөтү да жана ал тууралуу маалыматтар да интернет булактарында дээрлик жокко эсе. Эң кызыгы өлкө башчынын жубайынын сүрөтү интернет желесинде алгачкы жолу 2021-жылы ноябрь айында пайда болгон. Ал окуя Гурбангулы Бердымухамедов Түркияга болгон сапарында түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда орун алган. Эки өлкөнүн президенттери жубайлары Эмине Эрдоган (Режеп Тайип Эрдогандын жубайы) жана Огульгерек Бердымухамедова менен чогуу түшкөн сүрөтүн түрк басылмалары жарыялаган.

Жубайлардын Гүлжахан, Гүлжан аттуу кыздары жана Сердар аттуу уулу бар. Улуу кызы Гүлжахан жолдошу Иласгельды Аманов менен бирге Лондондо жашайт. Кичүү кызы Гүлшан дагы жолдошу Дерье Атабаев менен Парижде. Ал эми уулу Сердар учурда өлкөнүн вице-премьер министри. Жакында боло турган президенттик шайлоодо эң негизги талапкер.

Баласы Сердар Бердымухамедов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан